Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы жеке маалыматтарды ачыкка чыгарбайт жана сатпайт

Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 431 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин 6-февралда парламенттик отурумда “МКК, Соцфонддо, Салык кызматында жана мобилдик операторлор компаниясында сакталган жашыруун маалыматтарды оңой эле алса болот” деген билдирүүсү боюнча Салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн жеке маалыматтарын эч убакта ачыкка чыгарбагандыгын жана сатпагандыгын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, депутаттын аталган билдирүүсү укуктук негизге ээ эмес. Мамлекеттик аткаруучу орган катары Салык кызматы салык мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барат.

Салык кодексинин 54-беренесине ылайык, салык органдары же анын кызмат адамдары салык төлөөчү жөнүндө алган ар кандай маалыматтар салыктык сырды түзөт.

Салык төлөөчүнүн реквизиттери (салык төлөөчүнүн аталышы же фамилиясы, аты жана атасынын аты, дареги), салык төлөөчүнүн ИСНи; КНС төлөөчү катары салык төлөөчүнү каттоо жөнүндө; салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасы; салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарын бузуулар жана соттун чечими менен күчүнө кирген же болбосо салык төлөөчү мойнуна алган бузуулар үчүн  жоопкерчилик чаралары; юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик бюджеттин пайдасына иш жүзүндө төлөнгөн салык төлөмдөрү жашыруун болуп саналбайт.

Салыктык сырга тиешелүү маалыматтарды ачыкка чыгаргандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жоопкерчилик каралгандыгын белгилеп кетүү керек.

Мамлекеттик салык кызматы “Түндүк” электрондук өз ара аракеттешүү системасы аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө 18 мамлекеттик органдар жана ведомстволор менен маалымат алмашууда, бул жарандардын суроо-талаптарына маалыматтарды берүүдө кайталоону болтурбоого мүмкүндүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM