Биз менен байланышыңыз

Шайлоону өткөрүү боюнча жоболорго өзгөртүүлөр кирди

Саясат | 4 Фев 2020 | 832 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын күн тартибинде шайлоону өткөрүү боюнча жоболорго киргизилген бир топ өзгөртүүлөр талкууга алынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдижапар Бекматов Маралга маалымат берди.

Ал өзгөртүүлөрдүн негизгилери төмөнкүлөр:

1. Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарга шарт түзүлөт;

-Буга чейин ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арыз жазышып, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү үйлөрүнө барып шайлатышчу. Эми алар да башкалардай болуп келип, участоктордогу добуш берүүгө катышса болот. Алар үчүн бардык шарттар каралат. Участоктордун картасы түзүлөт. Мындай шарттар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу болот.

2. Жергиликтүү депутаттар өз аймагындагы шайлоо участогун көзөмөлгө алат;

-Жергиликтүү депутаттар ошол аймактагы шайлоо участогун толугу менен көзөмөлгө алат. Алар аткаруучу милдеттемелер аныкталды. Ден соолугунан мумкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн лупа жана башка керектүү жабдыктар керек болгон участокко гана жеткирилет. Мунун да жоопкерчилигин жергиликтүү депутаттар өз моюндарына алат.

3. Шайлоо участокторунда тартипти сактоо үчүн атайын ыкчам топтор иштешет;

-Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун ишинин тартиби жөнүндө жобого өзгөртүү кирди. Анда ыкчам топтор шайлоо болуп жаткан жерде башаламандык болсо, тез чара көрүшү керек.

4. Жергиликтүү депутаттарды шайлоодо аялдар да мандат ала алат;

-Кабыл алынган мыйзам талабына ылайык жергиликтүү кеңеште аялдар дагы өз талапкерлигин коёт. Шайлоодо бул талаптардын ишке ашышына шарттар каралып жатат.

5. Шайлоо участкаларынын картасы түзүлдү;

-Жалпы 2200 жакын шайлоо участкалары түзүлдү. Азыр участоктордун карталары түзүлүп жатат. Кийинки отурумдарда схемалар түзүлүп, участкалар так аныкталат.

Copyright © 2017 Maral FM