Биз менен байланышыңыз

10-февралга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 3464 | 0

4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын  облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

5-февралда жана 6-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

7-8-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.  

9-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-февралда күндүз жана 10-февралда кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Copyright © 2017 Maral FM