Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жоолукчан аялдарга карата көз караш өзгөрдүбү?

Коом | 3 Фев 2020 | 972 | 0

“Бүткүл дүйнөлүк жолук күнү” Кыргызстанда 2016–жылдан бери белгиленип келет. Быйыл бул майрам   “Аялдарды өнүктүрүү борбору «Хисса Бинт Зайд Аль Талиб» жана коомдук фонд «Нахля Хайрия»тарабынан уюштурулуп, Кожомкул атындагы спорт сарайында салтанаттуу өттү. Иш-чарага 1000ден ашуун аялдар катышып, анда  «Бүткүл Дүйнөлүк  жоолук күнүн» дүйнөнүн ар тарабындагы аялдар өздөрүнүн улуттук каада-салттарына жараша өткөрүшөт. Ошондой эле бардык аялзатынын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдей болушуна салым кошкон айымдарга атайын сынак жарыяланып, мыкты айымдарга Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүндө сыйлыктар тапшырылды.

Таэквандо менен машыккан Эркегүл Абдулла кызы учурда жоолук салынган кыздар үчүн бардык шарттар бар дейт. Ал туура эмес көз караштардын акырындык менен жоюлуп бара жатканын төмөнкүчө билдирди:

-Мен спортко кызыгам, учурда таэквандо менен машыгам. Бирок алгач жоолук салынганымда, мындан 5,6 жыл мурдараак көчөдөн өткөн эл башкача карачу эле. Бирок азыр жоолукчан аялдар үчүн бардык шарттар бар. Мисалы, даяр жоолуктар, атайын жоолукчандар үчүн бассейн, спорт залдар бар.  Мисалы, мага азыр жоолук салынуума эч кандай тоскоолдук жок. 

“Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү” Кыргызстанда 2016–жылдан бери “Умма” ислам журналы тарабынан уюштурулуп келет. Айтсак, 4 жыл аралыгында аталган иш-чарага 4000ден ашуун аялзаты катышты. Жыл өткөн сайын бул демилге калктын калың катмарына жайылып, аны көптөгөн аялдар колдоого алды. Алардын арасында: депутаттар, коомдук жана диний ишмерлер, илим, маданият, искусство жана спорт тармагынын өкүлдөрү, укук коргоочулар, журналисттер жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү да активдүү катышып келишет.

Айымдар өнүктүрүү борборунун өкүлү Мадина Сатарова иш-чаранын негизги максаты аялзатына жоолуктун маанилүүлүгүн жеткирүү, ошондой эле ар бир аял өз укугун билүүсү керек дейт.

-Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн өткөрүп келебиз. Иш-чаранын негизги максаты жоолуктун аялзаты үчүн маанилүү экенин көрсөтүү. Андан сырткары, катышуучулардын саны өсүп жатат. Бул күнгө карата атайын конкурс уюштурабыз, жоолукчан аялдар коомчулукта канчалык активдүү экенин көрсөтүшөт. Коомдо жоолук салынууга кызыкдар болгон аялдар көбөйүп жатат, биз буга абдан кубанычтабыз. 

«Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы өлкөдө жоолукчан аялдардын укугу жетишерлик деңгээлде корголуп, акыркы убактарда арыз менен кайрылгандардын саны азайды дейт:

-Кыргызстанда жоолукчан аялдардын укугу корголуп жатат, бул маселе чечилди деп ойлойм. Акыркы күндөрү  мектепке киргизбей койду же ишке албай койду деп бизге эч ким кайрыла элек. Коомчулукта жоолук салынган аялдардын  укугу тууралуу маалымат берип келебиз. Жоолукчан аялдар өз динин карманууга жана коомчулукта, мамлекеттик кызматта башка жарандарга толук кандуу аралашып иштегенге укугу бар. Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү бизде белгиленип келет, бирок бул жоолук салынган аялдар үчүн майрам сыяктуу десек болот. 

Эскерте кетсек, «Дүйнөлүк жоолук күнү» 2014-жылы АКШда негизделип, 114 мамлекетте колдоо тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM