Биз менен байланышыңыз

4-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 458 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -3…..2… күндүз: 2……..7°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -1…..-6….күндүз: 1………6°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: -2……3….күндүз: 3……..8°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: -2……3….күндүз: 3……..8°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9..….күндүз: 0……..5°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -20……-25…..күндүз: -10..……-15°C

4-февралда Бишкекте кар аралаш жамгыр жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1……1°C, күндүзү 5………7°C.

Copyright © 2017 Maral FM