Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктарды ажылыкка алып баруучу авиакомпания тандалды

Кыска кабар | 2 Фев 2020 | 709 | 0

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2020-жылдагы ажыларды ташуучу тараптар ортосунда конкурс өттү. Конкурстун жыйынтыгында ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Конкурска Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев, Кыргызстандын жарандык авиациясынын жана убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү катышты.

Ал эми «Flaynas» авиакомпаниясы талаптарда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерин сунуштап, эки тараптуу талкуунун жүрүшүндө тараптар кыргызстандык ажыларды ташуунун наркын 1550 доллар бойдон калтырышты.

Эскерте кетсек, 2019-жылы дагы ажылык сапарга ташууга Сауд Аравиянын жарандык «Flaynas» авиакомпаниясы гана сынакка катышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM