Биз менен байланышыңыз

«Ак илбирс-2020» Улуттук киносыйлыгына кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 2 Фев 2020 | 489 | 0

Жыл сайын өтүүчү “Ак илбирс”-2020  Улуттук киносыйлыгына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Улуттук “Ак илбирс” киносыйлыгы бул- жыл ичиндеги эң мыкты кинемотография адисин жана ошондой эле өлкөдөгү көркөм тасманын өсүүсүнө салым кошкондорду сыйлоо салтанаты болуп эсептелинет.  Улуттук «Ак илбирс» киносыйлыгы 2012-жылы белгилүү кинематографтар тарабынан демилгеленип, Кыргызстандын кино тармагындагы биринчи сыйлык болуп эсептелинет.  Аталган киносыйлык Кыргызстан кинематографтар союзу жана  «Айтыш»  коомдук  фондунун колдоосу менен өткөрүлмөкчү.

Сынакка 2019-жылы тартылган бардык тасмалар катыша алат. Арыздарды кабыл алуу 2020-жылдын 29-февралына чейин жүргүзүлөт. Сыйлыктарды тапшыруу аземи 25-апрель күнү саат 17:00дө «Манас» кинотеатрында өтөт.

Сыйлык 18 номинация боюнча берилет:

1. «Мыкты тасма»;

2. «Мыкты режиссер»;

3. «Мыкты сценарий»;

4. «Мыкты оператор»;

5. «Мыкты сүрөтчү»;

6. «Мыкты композитор»;

7. «Мыкты үн режиссеру»;

8. «Мыкты монтаж»;

9. «Мыкты эркек ролу»;

10. «Мыкты аял ролу»;

11. «Мыкты даректүү тасма»;

12. «Мыкты кыска метраждуу тасма»;

13. «Көрүүчүлөр жактырган тасма»;

14. «Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн»;

15. «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн»;

16. «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»;

17. «Борбор Азиянын мыкты актеру»;

18. «Борбор Азиянын мыкты актрисасы».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM