Жыл сайын өтүүчү “Ак илбирс”-2020 Улуттук киносыйлыгына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Улуттук “Ак илбирс” киносыйлыгы бул- жыл ичиндеги эң мыкты кинемотография адисин жана ошондой эле өлкөдөгү көркөм тасманын өсүүсүнө салым кошкондорду сыйлоо салтанаты болуп эсептелинет. Улуттук «Ак илбирс» киносыйлыгы 2012-жылы белгилүү кинематографтар тарабынан демилгеленип, Кыргызстандын кино тармагындагы биринчи сыйлык болуп эсептелинет. Аталган киносыйлык Кыргызстан кинематографтар союзу жана «Айтыш» коомдук фондунун колдоосу менен өткөрүлмөкчү.
Сынакка 2019-жылы тартылган бардык тасмалар катыша алат. Арыздарды кабыл алуу 2020-жылдын 29-февралына чейин жүргүзүлөт. Сыйлыктарды тапшыруу аземи 25-апрель күнү саат 17:00дө «Манас» кинотеатрында өтөт.
Сыйлык 18 номинация боюнча берилет:
1. «Мыкты тасма»;
2. «Мыкты режиссер»;
3. «Мыкты сценарий»;
4. «Мыкты оператор»;
5. «Мыкты сүрөтчү»;
6. «Мыкты композитор»;
7. «Мыкты үн режиссеру»;
8. «Мыкты монтаж»;
9. «Мыкты эркек ролу»;
10. «Мыкты аял ролу»;
11. «Мыкты даректүү тасма»;
12. «Мыкты кыска метраждуу тасма»;
13. «Көрүүчүлөр жактырган тасма»;
14. «Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн»;
15. «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн»;
16. «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»;
17. «Борбор Азиянын мыкты актеру»;
18. «Борбор Азиянын мыкты актрисасы».