Биз менен байланышыңыз

«Ак илбирс» Улуттук кино сыйлыгынын жеңүүчүлөрү такталды

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 664 | 0

«Ак илбирс» Улуттук кино сыйлыгына келип түшкөн тасмалар калыстар курамынын кароосунан өтүп, бардык номинациядагы баш байгенин жеңүүчүлөрү аныкталып бүттү.

Бул тууралуу аталган долбоордун менеджери Чолпон Идрисова кабарлады.

Анын айтымында, калыстардын сынына коюлган тасмалар 18 номинациянын алкагында каралган.

Эми кайсы тасма же анын каарманы, режиссеру, же башка тартуучу курам кандай номинацияны жеңгени 26-апрель күнү 17:00дө “Манас” кинотеатрында боло турчу салтанаттуу аземде коомчулукка жарыяланып, сыйлыктары тапшырылат.

Эске салсак, «Ак илбирс» Улуттук кино сыйлыгы 2012-жылы өлкөнүн белгилүү кинематографтары тарабынан негизделип, ошол жылдан бери жыл сайын тапшырылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM