Биз менен байланышыңыз

“Тегеран-Бишкек-Тегеран” түз аба каттамы жандандырылат

Кыска кабар | 1 Фев 2020 | 654 | 0

«Тегеран-Бишкек-Тегеран» түз аба каттамынын жандандырылат. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Кыргызстанга жаӊыдан дайындалган Ирандын элчиси Саид Харразинин жолугушуусунда белгиленди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, экономика, соода, инвестиция, туризм жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү мындан аркы өз ара аракеттенүүлөрдүн багыттарын белгилешти. Анын катарында, «Тегеран-Бишкек-Тегеран» түз аба каттамынын жандандырылуусу да белгиленди.

Айдарбеков Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен элчи С.Харразини куттуктап, ага ийгиликтерди каалады.

Элчи жылуу кабыл алгандыгы үчүн министрге чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди жана эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну тереӊдетүү, анын ичинде, товаржүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM