Биз менен байланышыңыз

Сот департаментинин мурунку башчысы камакка алынды

Кыска кабар | 1 Фев 2020 | 398 | 0

Сот департаментинин мурунку директору Рустам Ибраимов пара алууга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жемкордукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн Сот департаментинин коррупциялык системасындагы мыйзам бузуулар боюнча тергөө ишинде мамлекеттик сатып алууда мыйзам бузуулардын болгондугу аныкталган.

Белгилүү болгондой, Биринчи май райондук сотунун имаратын ремонттоо боюнча конкурстун жүрүшүндө сот департаментинин айрым жооптуу кызматкерлери келишим түзүү үчүн ишкерден ири суммада пара алышкан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында Сот департаментинин статс-катчысы К.С., Башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси А.А., башкы адис Г.Ж. жана инженер Д.Ж., ошондой эле 31-декабрда Сот департаментинин мурунку директору Р.И. жазага тартылышкан. Жана Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу чечими чыккан. Анын негизинде, сот департаментинин мурдагы директору Рустам Ибраимов камакка алынды.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM