Биз менен байланышыңыз

Өкмөт «Манас» аэропортун тышкы башкарууга бергиси келет

Саясат | 31 Янв 2020 | 1012 | 1

Эл аралык жана аймактардагы аэропортторду тышкы башкарууга берүү маселеси кайрадан көтөрүлүп, коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Дүйнөлүк практикадан улам, аэропортторду тышкы башкарууга берүү тууралуу ойду биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов сунуш кылды. Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, стартегиялык объектти берүү мыйзам чегинде аткарылышы керектиги айтылса, ал эми коомчулукта киреше алып келе турган компанияны берип коюу туура эмес деген пикирлер айтылууда. Кыргызстандагы аэропорттордун абалы, аны тышкы башкарууга берүү канчалык пайда алып келет?

Кыргызстандагы эл аралык “Манас”, “Ош” аба майдандары жана аймактардагы аэропортторду тышкы башкарууга берүү сунушталды. Акыркы беш жылдан бери кыргыз өкмөтү эл аралык аэропортторуна инвестиция тартуу боюнча иштерди жүргүзүп келет. Аэропортторду тышкы башкарууга берүү планда бар экенин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов сунуштап, кайра демилгелеп чыкты.

-Эл аралык жана аймактардагы аэропортторду тышкы башкарууга берүү менен бүгүнкү күндөгү көрсөткүчтөрдү жана  тейлөөнүн сапатын жогорулатууга шарт түзүлөт. 

Анткен менен компания банкрот болгондо же кризиске учураганда гана тышкы башкарууга берилет.

Аэропорт стратегиялык объект болгондуктан туура чечим чыгаруу жана мамлекеттин мыйзамдарына туура келүүсү керек экендигин Жарандык авиация департаментинин башчысы Курманбек Акышов айтты.

-Аэропорт стратегиялык объект болгондуктан мыйзамга туура келеби, жокпу аны кылдаттык менен карап чыгуу керек. Учурда бул үчүн атайын тиешелүү органдар иштеп жатат. Учурда тиешелүү өкүлдөр менен биргеликте бул маселени ар тараптан карап жатабыз. Себеби аэропорттун стратегиялык объект деген статусу бар. Ошондуктан бул маселени чечүүгө көп убакыт керек. Эгер мыйзамга туура келбесе, биздин талап-сунуштарыбызыга макул болсо, компания тышкы башкарууга берилбей калышы да ыктымал. 

Ошондой эле  учурда Дүйнөлүк банктын группасынын мүчөсү эл аралык финансылык корпорация бийликке келишимди ишке ашырууга жардам бере турганын билдирди.

«Манас» эл аралык аэропорту» компаниянын финансылык көйгөйү жок экендигин айтып, былтыр 2 миллиард сом таза киреше алып келгендигин Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев билдирип кеткен эле.

Экономист Эмил Үмөталиев аэропорт жеке жакка өткөн менен мамлекеттин көзөмөлүндө боло тургандыгын айтып, өкмөт аны эл аралык деңгээлде иштете албай жатканын айтты. Ошондой эле жеке жак жакшы иштетсе, каттамдардын багыты көбөйүп, эл үчүн баасы да төмөндөмөк дейт:

-Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, дүйнөлүк бренддер кирешелүү компанияларды иштетишет. Мамлекет аэропорттун абалын жакшырта албай жатат. Туура, эл аралык компания киреше алып келет, бирок ал эл аралык деңгээлде өнүгүшү керек. Эгер келишим түзүлүп, ишке аша турган болсо, каттамдардын багыты көбөйөт, ошондой эле жүргүнчүлөр да көбөйүп, учуулардын баасы төмөндөйт. Андан сырткары, мамлекетке да  көбүрөөк киреше алып келет. 

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров аэропортту жеке жактарга берүүнү  алгач ар тараптан карап чыгуу керек, элге жана мамлекетке пайдалуу болсо гана берүү туура болот деген пикирин билдирди.

-Кандайдыр бир анализден кийин сунуштап жатса керек, бирок кандай болбосун, биз мамлекетке жана элге пайдалуу болсо гана берсек болот. Ал эми жеке жактардын  өзүнүн кызыкчылыгы болуп, өз саясатын жүргүзсө, анда токтотушубуз керек. 

Айта кетсек, Кыргызстанда жалпы 11 мамлекеттик аба майданы бар. Алардын ичинен «Манас» жана «Ош» аэропорту кирешелүү деп эсептелинет.

1 пикир

1 пикир

  1. Сонун

    01.02.2020 21:48

    Эми карап турсак билимдуу эле инсандар корунот биздин атка минерлер анан эле ушундай жумуштарга баштары жетпей калганы бизге окшогон карапайым элдин кыжыбасын кайнататго чиркин Эми башы иштеген мээси жеткен жангактай чакан жаштар борго бергиле иштейт мына деп эле жаштар ошол чойродо тасыкан иштей тургандарга шарт тузгуло мыйзам чегинде башкага бергенден коро жаштар табышкер акылдуу иштерман уулдарыбыз бар да Манастын урпактарынан кантип жок айланайындар ох

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM