Биз менен байланышыңыз

Президент аскердик тартипти жогорулатуу зарылдыгын айтты

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 446 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиевди 2019-жылдагы иштердин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата биринчи даражадагы милдеттер тууралуу маалымат берди.

Жакынкы өнөктөш өлкөлөр менен аскерий жана аскерий-техникалык жаатта активдүү кызматташуу жүрүп жатканы жана Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча иштер аткарылып жатканы белгиленди.

«Санарип Кыргызстан» Концепциясын ишке ашыруу алкагында «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулган.

Райымберди Дүйшөмбиев, ошондой эле, Кыргызстандын аймагына жаңы коронавирусту киргизбөө максатында өлкөнүн көзөмөлдөө өткөрүү пункттарында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчысы Аскерий адистердин даярдыгынын сапатын жакшыртуу, аскердик тартипти жогорулатуу жана Куралдуу күчтөрдүн жеке түзүмүндө укук бузуулардын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө көңүл бурду.

Маалыматтык коопсуздукту жана аскерий түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу максатында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн санариптештирүүнү улантуу зарылдыгына токтолду.

Copyright © 2017 Maral FM