Биз менен байланышыңыз

Депутат: ЕАЭБ рыногуна товар чыгаруунун ставкасы 5 миң долларга чейин

Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 512 | 0

Кыргыз ишкерлери Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдүн рыногуна товар жөнөтүү үчүн 500дөн 5000 долларга чейин берип жатышат. Алар кыргыз-казак чек арасынан жүк ташып өтүүдө Казакстандын Салык инспециясы менен Чек ара кызматкерлери тарабынан тоскоолдуктарга учурап жатат.

Мындай маалыматты депутат Азамат Арапбаев парламент жыйынында айтып чыкты. Ал Казакстандын өкмөт башчысы менен сүйлөшүү жүргүзүп, бул маселени чечүүнү талап кылды.

-Азыркы күндө биздин кыргыз ишкерлер өз товарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жиберүүдө, товарына карап, бир оор жүк ташуучу унаадан 500 доллардан 5 миң долларга чейин акча беришет. Ошондуктан парламент өкмөттөн талап кылып, бул маселе тез арада чечилиши керек. Биз ЕАЭБ мүчөсү болгондон кийин башында «ЕАЭБде 180 миллиондук рынок ачылат» деп айтылган, бирок азыр биздин ишкерлер, тескерисинче, 4-5 мафиоздук органга гана иштеп жатат.

28-январда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы М.Султангазиев менен жолугушкан. Тараптар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы жагдай, оор жүк ташуучу унаалардын топтолуп калуусун талкуулашкан.

Ошондой эле, эки тараптуу жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында “Ак-Тилек” постунда болгон кырдаалды чечүүнүн механизмдерин талкуулашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM