Биз менен байланышыңыз

Президент: Ленинград курчоодон бошотулган күн — бул Улуу Жеңишке ишенген күн

Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 416 | 0

«Ленинград курчоодон бошотулган күн — бул Ленинграддын жашоочуларынын гана эмес, Советтер Союзунун бардык адамдарынын Улуу Жеңишке ишенимин бекемдеген күн. Бул дата Улуу Ата-Мекендик согуштун тарыхындагы баатырдык барактардын бири», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-январда, Ленинград шаары фашисттердин курчоосунан толук бошотулган күнгө арналган митинг-реквиемде.

Мамлекет башчысы 900 күн менен түнгө созулган курчоо элдик каармандыктын, массалык кайратмандыктын, патриотизмдин символу болуп калганын белгилеп, кыргызстандыктар тарыхты эстен чыгарбай турганын, аны кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөрүн өзгөчө белгиледи.

«Биз дайыма ата-бабаларыбыздын баатырдыгын жана каармандыгын эстен чыгарбайбыз. Бардык курман болгондордун, бирок, жеңилбегендердин элесинин, ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон 130 миң кыргызстандыктын жаркын элесинин алдында баш ийип, таазим кылабыз. Биздин келечегибиз үчүн өз өмүрүн арнагандарды эскерүүгө милдеттүүбүз», — деди Жээнбеков.

Курчоодо калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган. Алардын 3 миңи балдар болгон.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктар Ленинград блокадачыларынын бекем эркин, эрдигин жана каармандыгын жогору баалай турганын дагы бир ирет белгиледи.

Ленинградды бошотууда баатырдык менен курман болгондорду жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир минута эскерүү болду.

Бишкек шаарындагы Д. Асанов атындагы эс алуу багында Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында өткөн митинг-реквиемге «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому» коомдук уюмунун төрайымы Анна Кутанова, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана Бишкек шаарынын жашоочулары, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги Райимберди Дуйшенбиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышты.

Copyright © 2017 Maral FM