Биз менен байланышыңыз

28-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 838 | 0
Автор: Влад Ушаков

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 28-январда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9… күндүз: -4……..1°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -6…..-11….күндүз: -3………2°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 0……-5….күндүз: -1……..4°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 0……-5….күндүз: 0……..5°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9..….күндүз: -4……..1°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -17……-22…..күндүз: -6..……-11°C

28-январда Бишкекте түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүз күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5……-7°C, күндүзү 0………2°C.

Copyright © 2017 Maral FM