Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Сивриже зилзаласынын курмандыктарына байланыштуу Түркия элине көңүл айтты

Кыска кабар | 25 Янв 2020 | 795 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөдөн курман болгондорго байланыштуу Түркия элине жана президент Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

Бул тууралуу президентттин маалымат кызматы кабарлады.

Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн жарандардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы Түркия элине жана Сизге терең көңүл айтам. Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалайм, — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Эске сала кетели, Түркиянын чыгышындагы Элязыг провинциясынын Сивридже шаарынын аймагында очогундагы күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзалада каза болгондордун саны алдын ала маалыматтарда 19га жеткени, 405 адам жабыркаганы кабарланууда. Имараттар кулап, тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Жер титирөө кечээ, 24-январда 20:55терде катталган. Ал эми экинчи жолу жер титирөөнүн күчү болжол менен 5,4 баллдан 3,3 баллга чейин жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM