Биз менен байланышыңыз

Президент Тигран Саркисянды «Даңк» медалы менен сыйлады

Кыска кабар | 25 Янв 2020 | 486 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Өлкө башчы   Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды Кыргыз Республикасын Евразия экономикалык биримдигине интеграциялоого жана Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйлады.

Жолугушууда президент өткөн 2019-жыл Евразиялык экономикалык Биримдик жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгынын 5 жылдыгы жана евразиялык интеграциясынын идеясынын 25 жылдыгына арналган ири иш-чараларга бай болгондугун белгиледи. Президент Тигран Саркисяндын ЕЭКтеги төрагалык кылган мезгилинде Кыргызстандын ветеринардык көзөмөлдөө системасы жөнгө салынганын, пенсиялык камсыздоо Макулдашуусу боюнча маселе чечилгенин жана евразиялык интеграция маселелери боюнча башка бир катар маанилүү чечимдер каралып, кабыл алынганын белгиледи.

Эске салсак, ЕЭК Коллегиясынын азыркы төрагасы Тигран Саркисяндын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 1-февралында аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM