Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча жалпы 418,8 чакырым жол оңдолду

Коом , Кыска кабар | 25 Янв 2020 | 508 | 0

2019-жылы жолдорду куруу, кайра куруу, капиталдык жана орточо оңдоп-түзөөнүн жалпы көлөмү инвестциялык долбоорлорду эсепке алуу менен 418,8 чакырымды түздү.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматында 2019-жылы инвестициялык долбоорлор боюнча насыя жана гранттык каражаттардын эсебинен долбоорлонгон тилкелерде узундугу 83,4 чакырым жерде жол-курулуш иштери бүткөрүлгөн. Жолдорду куруу, кайра куруу, капиталдык жана орточо оңдоп-түзөөнүн жалпы көлөмү 2019-жылдагы инвестициялык долбоорлорду эсепке алуу менен 418,8 чакырымды түздү.

Ошондой эле, былтыр республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен асфальт-бетон төшөө боюнча жол иштери 136 чакырымды түзгөн. Мамлекеттик капиталдык салымдын эсебинен негизги тизме боюнча – 58,5 чакырым, райондук борборлор боюнча (МКС) – 140,9 чакырым (бардыгы 335,4 чакырым).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM