Биз менен байланышыңыз

Испанияда “Глория” бороонунан 13 киши каза болду

Дүйнө | 25 Янв 2020 | 933 | 0

Испаниянын түштүк-чыгыш аймактарын каптаган “Глория” деп аталган бороондон  13 киши каза болуп,  төрт адам дайынсыз.  Премьер-министр Педро Санчес жабыркаган аймактарды тик учак менен кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Ылдамдыгы саатына 144 чакырымга жеткен, жаан аралашкан катуу шамал Испаниянын аймагына жекшембиде жеткен. Деңиздеги толкун 13 метрге чейин көтөрүлүп, айрым аймактарда калың кар түштү. Он миңдеген үй-жай электр жарыксыз калды.

Көпүрөлөр, темир жолдор иштен чыкты. 2003-жылдан берки эң кубаттуу делген «Глория” бороону жумага караган түнү гана басаңдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM