Биз менен байланышыңыз

Бейөкмөт уюмдар эл турмушун оңдоодо канчалык эффективдүү иштеп жатышат?

Коом | 25 Янв 2020 | 442 | 0

Өлкөдө жарандык коомду камсыздоодо юридикалык акысыз жардам көрсөтүү, жер алууда кагаз иштерин, адамдардын укугун коргоодо бейөкмөт уюмдардын бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча талкуу уюштурулду. Анда облус, райондордон кызматташкан уюмдар келип катышты. Мамлекеттик социалдык буюртманы аткарууга сунуштар айтылды. Социалдык мамлекеттик буюртма системасын жакшыртуу боюнча аймактарда эрте өнүгүү борборлорун ачуу, илдеттерди эрте аныктоо жана алдын алуу маселелери боюнча, жөлөкпул берүүнү жакшыртуу жана аны алуунун жолун жеңилдетүү, ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган жана кенже курактагыларга жасалган кылмыштардын алдын алуу жана юридикалык акысыз жардам көрсөтүү тармагында аткарылган иштер боюнча отчеттор берилди. Ошондой эле 2020-жылы социалдык кызматтарды дагы да өнүктүрүү, өзгөчө региондорго маалыматты кенен жеткирүү керектиги талкууланды.

Жыл сайын Эмгек жаан социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан мамлекеттик социалдык буюртманын алкагында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан сактоо, юридикалык жактан акысыз жардам көрсөтүү бейөкмөт уюмдардын жардамы менен ишке ашып жатат.

Токмок шарынынын тургуну Аида Салыбаева баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүктү 10 жылдан бери ала албай жүрүп, бейөкмөт уюмдун юридикалык жардамы менен гана баласына документ алууга мүмкүнчүлүк тапканын айтат:

-Азыр балам 11  жашка чыкты. 10 жылдан бери туулгандыгы тууралуу күбөлүктү ала албай жүрдү. Себеби документтер толук чогултулган эмес деп коюшту. Юридикалык жардамга кайрылсак, 3 айдын ичинде күбөлүктү алып беришти.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева гендердик теңчилик, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо боюнча мамлекеттик социалдык буюртма аркылуу көп иштер аткарылганын айтып, буга атайын каражат бөлүнө турганын билдирген:

-Социалдык буюртманын бюджети 38 млн сомду түзөт. Өлкөгө пайдалуу долбоорлор болсо, уюмдар менен иштешүүгө даярбыз. Ошондой эле быйыл балдарды коргоо жылана карата да сунуштар айтылып жатат. Биз дагы өлкөдөгү көйгөйдү айтып, быйыл балдардга көңүл буруу үчүн сунуштарды айтабыз. 

USAID биргелешкен башкаруу бөлүмүнүн директору Руслан Молдокасымов өлкө боюнча 25 юридикалык акысыз кызмат көрсөтүү борбору иштеп жатканын айтып, элге маалыматтын толук жетпегинен улам, маселелер чыгып жатканын айтат. Андан сырткары, атайын онлайн карта түзүлүп, жашоочулар өз маселеси боюнча кайрылса, социалдык жардам көрсөтүлө турганын кошумчалады.

-Өлкө боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте юридикалык акысыз  жардам көрсөтүүчү 25 борбор ачтык.  Мунун жардамы менен кайсы региондо көбүнчө кандай маселелер каралганын аныктап, статистика чыгарсак болот. Ошто онлайн карта түзүлүп иштеп баштады, анда жаран үйүндө эле отуруп, көйгөйүн жазса болот, кызматкерлер ага жардам берет. Демек, биз ушундай жол менен убагында жардам көрсөтүп, алдын ала алабыз. Андан сырткары, биз атайын китепчелерди чыгардык. 

Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова мамлекеттик органдар менен бейөкмөт уюмдар биргеликте иштегени менен социалдык кызматтар дагы деле жетишсиз деген оюн билдирди.

-Бүгүн региондордон бейөкмөт уюмдардын өкүлдөр келип отурат. Мамлекеттик уюмдар жалгыз иштей албайт, уюмдардын жардамы менен көп иштер аткарлыды. Бирок өзгөчө региондордо социалдык кызматтар жетишпейт, үй-бүлөлүк институт түзүлүшү керек. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров менен жолугуп, социалдык кызматтарды көрсөтүү ишин автоматташтырууга жана үй-бүлө институтун колдоого багытталган балдарды натыйжалуу коргоону камсыздоого көңүл бурулушу керектигин баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM