Биз менен байланышыңыз

Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков тууралуу фильм тартылат

Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 1589 | 0

Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун 100 жылдыгына карата даректүү тасма тартылат. Тасманы тартууга каражат элден марафон аркылуу чогултуларын уюштуруу тобу билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «Самат Садыков» аттуу даректүү тасма Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналат.  Бул фильмге Алим Токторов режиссерлук кылат. Учурда Алим Токторов Москвага барып, архивден Самат Садыковго байланыштуу даректүү кадрларды көчүрүп келген.

Азыркы тапта даректүү тасмага каражат чогултуу үчүн Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жердештери 26-январь күнү Бишкек шаарында марафон уюштурууда. Мындан улам, бул тасмага салым кошууну каалагандарды аталган иш-чарага чакырат. (Толук маалымат ылдыйкы сүрөттө)

Самат Садыков — Улуу Ата Мекендик согушта 1945-жылы 1-майда курман болгон. Ал Берлин операциясындагы салгылашууда маанилүү обьектти алууга чоң салым кошкондугу үчүн өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Учурда анын ысымы Лейлек районундагы өзүнүн туулган айылына жана мектебине коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM