Биз менен байланышыңыз

Сырттан импорттолгон көчөттөр кошумча нарк салыгынан бошотулду

Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 415 | 0

Айыл жергесиндеги товар өндүрүүчүлөрдүн көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн импорттолуучу бир катар көчөттөрү кошумча нарк салыгынан бошотулгандыгын Салык кызматы маалымдады.

Тактап айтканда, Өкмөттүн 2019-жылдын 17-декабрындагы токтому менен отургузуу үчүн арналган көчөттөр, калемчелер, алма багы, алмурут, кара өрүк, алча, чие, шабдаалы, өрүк, гилас, кожогат, карагат, малина, жүзүм, жаңгак, мисте кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM