Биз менен байланышыңыз

Кызматкерлерге мамлекеттик сыйлык тапшырылды

Билим-маданият | 21 Янв 2020 | 552 | 0

Кечээ, 20-январда мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземи болуп өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөгө салым кошкон мыкты мамлекеттик кызматкерлерди көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалап, алардын жалпы элдин урматына ээ болгонун айтып, алган сыйлыктары менен куттуктады. Мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, курулуш тармактарынын өкүлдөрү жана башкалар татыды.

Эмгекчил кызматкерлер арбын болгону үчүн өлкө өнүгүп, өсүп жатканын баса белгилеп, ар бири сыйлыкка татыктуу экенин Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө төмөнкүчө белгиледи:

Сиздердин ар бириңиздер — атыңарды атап, өзгөчө белгилей турган инсандардансыздар. Эл арасында кадыр-баркка ээ болгон мекендештерим! Баарыңыздарды мамлекеттик сыйлык жана жогорку наамдарыӊыздар менен дагы бир жолу куттуктайм! Сиздер сыяктуу эмгекчил, ак ниет мекендештерибиз арбын болгону үчүн өлкөбүз өнүгөт, өсөт. Сиздерге бекем ден-соолук, мындан аркы ийгиликтерди каалайм. Эл-жерибиз, Кыргызстаныбыз үчүн талыкпай иштей бериӊиздер!

Мамлекеттик сыйлыкка 100дон ашык ар кандай тармактын мыктылары “Данк”, “Манас” ордени жана Ардак грамота, ошондой эле  «Эл артисти», «Эл жазуучусу“ деген бир катар наамдар менен сыйланды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өткөн маданий программасын жогорку деңгээлде өткөрүүгө салымын кошкон режиссер Алтынбек Максүтов КРнын «Эл артисти» ардактуу наамына ээ болуп отурат.

-Чындыгында, кубанып турам, буга чейин көчмөндөр оюндарын өткөргөндө Манас ордени сыйлыгын алгам.  Буга чейин көптөгөн чыгармаларды чыгарып келсек, эми мындан кийин да мыкты чыгармаларды элге тартуулаганга аракет кылабыз.

Телережиссура тармагында көп жылдар бою жемиштүү иштеп, бир топ фильмдерди жараткан эмгеги үчүн Байма Сутенова «Даңк» ордени менен сыйланды. Байма Сутенова сыйлыкты жаш убагында алуу керек, анткени сыйлык адамды шыктандырат деген оюн билдирди:

-Негизи, сыйлык адамга жаш кезинде берилсе, адамды шыктандырат. Бүтүндөй журналистиканын эмгегин баалаган сыйлык, ошондуктан ар бир журналисттин сыйлыгына кубанышыбыз керек.  Биздин артыбызда чоң топ келе жатат. Эгер журналист коомго таасир берсе,  биринчиден, эмгекти эл баалайт, экинчиден, мамлекет сөзсүз сыйлыгын берет. 

Өмүр жолун агартуучулукка арнаган, физика математика мугалими  Тамара Самиева Ардак грамота менен сыйланып, кубанычы менен бөлүштү.

-Балалык кезимден тарта мен өзүмдү окуучу катары сезем. 4о жыл бир мектепте эмгектенип келем. Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгонума кубанычтамын. Ушул өмүр жолумду бир мектепке арнап келген кесибим менен сыймыктанам. 

“Кийиз” дүйнө коомдук фондунун жетекчиси Айдай Асангулованын ишин эл баалап келсе, эми  мамлекеттик сыйлыкка ээ болуп отурат. Чыгармачылыгын кийиз жолдорго салыштырып, салттуу маданиятты сактап, кийинки урпактарга өткөрүп берүү керек дейт:

-Чыгармачылыгымды кийиз жолдорго салыштырам, салттуу маданиятты улап, кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек. Жетишкендиктерге жетишиме жалгыз мен эле эмес, замандаштарымдын, чогуу иштеген кесиптештеримдин да үлүшү бар.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин  өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Жаңы жылдын алдында  2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM