Биз менен байланышыңыз

Телерадиолорду санариптештирүүдөгү сан көйгөйлөр

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 738 | 0

Бүгүнкү күнгө карата Департамент тарабынан колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга 806 уруксат берилген. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бидирди.

Айтылгандардын ичинен 132-си телерадио уюмдарга (92- телеканалдарга, 40-радиоканалдарга) жана 674-ү телерадиоберүү операторлоруна таандык.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда  жер үстү менен берилүүчү санариптик берүүдө 55 телерадио уюм иш алып барат.

Департамент, ыйгарым укуктуу орган катары, телерадио уюмдар жана телерадиоберүү операторлору тарабынан Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарлышы боюнча лицензиялык көзөмөлдү жүргүзүп, 2019-жылы телеканалдардын пландык жана пландык эмес текшерүүлөрдү өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча 59 жазма эскертүү берилди.

Ошону менен бирге, Департаменттин адистери тарабынан 21 телерадио уюмдун дареги боюнча барып, пландык лицензиялык текшерүүнү өткөрдү.

Белгиленген бузуулардын далилдениши боюнча, тактап айтканда «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу» мыйзамынын 8-беренесинин пункттары боюнча (телерадиопрограммалардын жана телеберүүлөрдүн көлөмүндө улуттук өндүрүштүн жана мамлекеттик тилдин сакталбашы) 7 телеканалга Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык, ар бир телеканалга 4-категориядагы, 46 миң сом өлчөмүндөгү айыптар салынды.

Айрымдары төлөсө, айрымдары табылган бузуулар менен макул болбостон, айыпты жокко чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине административдик доо арызы менен кайрылды.

Азыркы учурда Департаменттин адистери тарабынан бир катар телеканалдарына айып салуу үчүн документтердин пакети даярдалып жатат. Кыргыз Республикасынын  «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу» мыйзамынын тиешелүү пункттарын бузгандыгы боюнча айрымдарына жазма эскертүүлөр берилди. Эгерде табылган бузуулар белгиленген убакыттын ичинде жоюлбаса, анда бул бул телеканалдарга дагы айып салынат.

Көрсөтүү үчүн уруксат алган, бирок бир айдан ашуун убакытта көрсөтүүлөр берилбей жаткан жана ачык түрдө же код коюлган түрдө көрсөтүлбөй жаткан телеканалдарга, мурда берилген уруксатты кайтарып алуу үчүн доо арыз берилип, сот аркылуу жокко чыгарылат. Көрсөтпөй жаткан телеканалдардын жалпы саны 30 дан ашат.

Мындан сырткары, телекналдардын көпчүлүк бөлүгү жарнама жөнүндө, атордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү мыйзам ченемдерин аткарышпай, «пираттык» продукцияны колдонушат, ошондой эле мыйзамсыз фильм продукцияларын көрсөтүп жаткан убактарда коммерциялык жарнамаларды көрсөтүп турушат.

Автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү аныкталган бузуулардын жыйынтыгы боюнча, Департамент телерадио уюмдарга фильм продукцияларын Кыргыз Республикасынын аймагындагы телеканалдардын эфирлеринен трансляциялоого уруксат берүүчү укук белгилөөчү документтерди көрсөтүү суроо-талаптарын жиберди.

Телерадио уюмдар тарабынан берилген бардык жооптор жана бузуулар боюнча тиешелүү материалдар, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жиберилип, мындан ары өз укуктарынын алкагында иш алып баруусу үчүн жиберилди.

Бардык арыздар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзамга ылайык чаралар көрүлөрү эскертилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM