Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков «Эл ырчысы Эстебес» тобунун концертине барды

Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 3649 | 0

КРнын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, Аалы Туткучев жетектеген «Эл ырчысы Эстебес» тобунун концертине президент Сооронбай Жээнбеков көрүүчү катары келди. Бул тууралуу журналист Сыргак Бактияров жазды.

Президент Жээнбековду концертке маданият министри Азамат Жаманкулов жана бир катар аткаминерлер да коштоп келген.

Эскерте кетсек, «Эл ырчысы Эстебес» тобу бүгүн Улуттук филармонияда «Катын калп айтпайт, каңырыш угат» деп аталган концерттик программасын тартуулады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM