Биз менен байланышыңыз

Бизнести каржылоого бөлүнгөн 105 млн долларды кимдер пайдалана алат?

Кыска кабар , Экономика | 16 Янв 2020 | 1217 | 0

2020-жылы Орус-Кыргыз өнүгүү фонду бизнести каржылоого бөлгөн 105 млн доллардын басымдуу бөлүгү аймактарга жумшалат. Мекеме чакан жана орто бизнес үчүн 37 млн доллар карайт. Ишкерлер 200 миң сомдон 1 млн сомго чейин насыя ала алышат.   Улуттук валюта менен берилген насыялардын пайыздык чени 9% түзсө, ал эми доллардын чени 4-5% жетет. Бул ишкерлерге канчалык пайдалуу? Экономисттер өнүктүрүү фондунун долбоорлоруна кандай баа берет?


2020-жылы Орус-Кыргыз өнүгүү фонду ишкерликти каржылоонун көлөмүн 105 млн долларга чейин жеткирет. Анын 15 млн доллары «РСК Банк» ачык акционердик коомуна орто бизнести каржылоо үчүн узак мөөнөттүү насыя катары берилет. Фонд банктар менен биргеликте 90 млн долларга долбоорлорду каржылайт. Бул тууралуу аталган фонддун эксперти Акай Сакибай уулу билдирди.

Анын айтымында, быйыл кластердик программаларды каржылоого артыкчылык берилет. Кластер — өз ичине айыл чарба продукциясын өстүрүүдөн баштап, дүкөнгө жеткенге чейинки этапты камтыган өзүнчө сектор.

 — Ал үчүн жаңы программалар түзүлгөн. Алсак, жеңил өнөр жай, агроөнөр жайдын ичинде сүт жана чакан энергетика кластердик өнүгүүлөрү. Анын үстүндө финансылык мекемелер ортосунда, тагыраагы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен «Айыл банк» жана «РСК Банк» банктарынын ортосунда координациялык топ түзүлөт. Алар чогуу кластердик иш чөйрөсүндө ар бир мүчөлөрүн колдоого аракет жасайт. Тийиштүү моделдерди түзүп, каржылык, кепилдик жагынан ири заводдорду колдой турган болсок, ишканага келе турган чийки заттарды камсыз кыла турган фермер, дыйкандарга жана чакан, орто ишкерлерге көмөк көрсөтүлөт. Бул комплекстүү мамиле  болот. 

Орус-Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан 2019-жылы эки программа ишке киргизилген. Ири стартап-долбоорлорду каржылоого 1 млн доллар бөлүнгөн. Ал эми чакан-стаптар долбоорлорго 70 млн доллар каралган. Акай Сакибай уулу быйыл да бул багыттагы иштер улантыларын кошумчалады.

— Долбоорлордун наркы 200 мин сомдон 1 млн сомго чейин. Долбоор 7 облусту камтып, ар бир аймакка 10 млн доллар каралган. 2020-жылы аталган 2 программа улантылат. Өткөн жылы чакан стартап-долбоорлорун колдоо боюнча окутуу уюштурулуп, 73 ишкер сертификат алган. Мындай окутуулар быйыл да февраль, же март айында башталат. Белгилей кетчү жагдай, насыянын төмөнкү чеги жок. Алсак, 100-300 миң сомдон ала турган фермерлер бар. Аны менен бирге ири ишканаларды колдоого мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Каражаттар негизинен агроөнөр жай, саламаттыкты сактоо, энергетика, транспорт жана башка тармактарга берилет. 

Маалым болгондой, Фонд бул жылдын эсебинен банктар аркылуу чакан жана орто ишкерлерди колдоого 37 млн долларга жакын каражат бөлөт. Ишкерлер 1 млн сомго чейин насыя ала алышат. Улуттук валюта менен берилүүчү насыялардын пайыздык чени 9% башталат. Ал эми насыя доллар менен берилсе, чен 4-5% жетет. Каражаттардын басымдуу бөлүгү аймактарга жумшалат.

“Консультанттар союзу” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси, ишкер Мирлан Мурзакулов мындай шарттар бизнести өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин белгилейт. Өзгөчө кластердик программаларды каржылоо долбоору ишкерлер үчүн абдан пайдалуу болорун билдирди.

—  Жеңилдетилген насыялардын үстөк пайызы 17% башталат. Ал эми Фонд бекиткен 9% чен жакшы. Анткени мамлекеттен айыл чарба жана кайра иштетүүгө берилген насыялардын үстөк пайызы 6-7% болгону менен процедуралары бар. Анын үстүнө кезек күткөндөр көп.  Мындан улам көп фермерлер ишкер катары бизнесин баштай албай, убакыттан уттуруп жатышат. Ал эми кластердик программаларды каржылоо демилгесин колдойм, анткени бизге зарыл болуп турат. Бул — эң жакшы долбоор.  

Ал эми экономист Толон Абдыров Орус-Кыргыз өнүгүү фонду алгач ири долбоорлорду гана каржылап келсе, азыр чакан бизнеске да көңүл буруп жатканын эске салып, жакшы баасын берди. Бирок фонд алдыда насыянын пайыздык чендерин төмөндөтсө, көпчүлүк ишкерлер үчүн жеткиликтүү болорун айтып өттү.

— Фонд убагы келгенде насыялардын пайыздык чендерин 2-3%г төмөндөтсө жакшы болот. Мекеме, мындан сырткары, жеке ишкерлердин деңгээлин көтөрүп, долбоор жазууга үйрөтсө, мыкты стартап-долбоорлор чыкмак. Алар каржыланса, жакшы өнүгүүлөр болот. Чакан жана орто бизнес үчүн 37 млн доллар аз. Бирок Фонд жардам берип жатканына деле рахмат дешибиз керек. 

Кошумчалай кетсек, түзүлгөндөн бери Фонддун колдоосунун жалпы көлөмү 379 млн долларга жетти. Алардын ичинен каражаттын үчтөн эки бөлүгү артыкчылыктуу багыттарга — агроөнөр жай комплексине, өндүрүш тармагына жана туризмге багытталууда.

Copyright © 2017 Maral FM