Биз менен байланышыңыз

Президент чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 1259 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөтүү, чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуз жашоо-тиричилигин камсыз кылуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Кечээ жакында эле Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн чек арасындагы туруктуу абалды биргелешип сактоого умтулуу аракеттери белгиленгенин эскертти.

Президент эки жакта тең чагымчыл аракеттерди болтурбоо үчүн чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер тажик тарап менен тыгыз байланышта жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Ошондой эле чек ара аймактарында мындай окуяларды болтурбоо үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, профилактикалык чараларды кабыл алуу зарылдыгы актуалдуу боюнча калууда.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик тарап менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзү баштаган Кыргыз делегациясы даяр экендигин билдирди. Жолугушуу эртең, 14-январда, чек ара аймагында өтө турганын маалымдады.

Кеңешмеге Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев катышышты.

Copyright © 2017 Maral FM