Биз менен байланышыңыз

«ЭлТР» телеканалынын директору алмашты

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 483 | 0

Керимбек Калыкулов «ЭлТР» телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдама: Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Керимбек Калыкулов көп жылдык журналисттик иш тажрыйбага ээ. Мурда «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу, Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору, «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген.

2014-жылдын июлунан бери Калыкулов Керимбек «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.

«ЭлТР» телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматын буга чейин аркалап келген Айбек Мусаев берген арызына ылайык бошотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM