Биз менен байланышыңыз

Кытайлык компания робот мышык чыгарды: баасы 700 доллар

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 519 | 0

Лос-Анжелесте болуп өткөн Эл аралык колдонуучулар үчүн электроника көргөзмөсүндө  Кытайдын Elephant Robotics компаниясы робот мышыкты презентация кылды. Бул тууралуу  TechCrunch порталы жазды.

Кытайлык компания сунуштаган MarsCat деп аталган робот мышык өзүн эркин алып жүрө алат. Ошол эле убакта ага команда берүүгө да ылайыкташтырылган. Мындан сырткары, ал өз ээсинин үнүнө жооп бергенди билет жана кол тийгенди сезе алат. Ошондой эле ал ар түрдүү оюнчуктарды да ойной алат.

Маалыматта айтылгандай, робот мышык азырынча сатыкка чыга элек. Бирок аны компания сайты аркылуу буюртма берип жасатып алсаңыз болот. Баасы 700 АКШ доллар.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM