Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Баткен эли бийликтегилерге кайрылуу жасайт

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 1413 | 1

Бүгүн, 13-январда Бишкекте Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундарынан турган топ бийлик жетекчилерине кайрылат. Жыйынга Баткендин Көк-Таш, Ак-Сай айылынын тургундары катышат.

Көк-Таш айылында 10-январга караган түнү чыр чыккан. Тажик тарап кыргыз жарандарынын унааларын талкалап, кийинчерээк ок чыгарган. Буга байланыштуу аял жана балдар Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылган. Жалпысынан 254 адам кайра үйлөрүнө кайрылып барды.

Чыр-чатакты жөнгө салууну талкуулоо максатында 14-январда өлкөнүн делегациясынын жолугушуусу өтөт.

Кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган делегацияда Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.

Өкмөттүн Аппараттын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланат.

Чек арада азыркы учурда абал туруктуу.

1 пикир

1 пикир

  1. Баткен кыргыз

    13.01.2020 10:27

    Качан күчтүү мамлекет, армиябыз болот Баткен кыргыздар жашап келген жер.тагалап келишип бөөрүчө кол салышууда.Биз өзүбүздү өзүбүз сыйласак коңшу турган мамлекеттер да ой булар өтө ынтымактуу кыргыздар деп абайлап мамиле кылмак.тилекке каршы өзүбүдү өзүбүз басынтып бөлүнүү болуп жатбайбы.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM