Биз менен байланышыңыз

Украиналык «Боинг» душмандык объект катары байкоосуздан атылып түшүрүлгөн

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2020 | 566 | 0

Бул тууралуу Ирандын аскер кызматкерлери билдиришти. Алардын айтымында, “Украина Эл аралык авиалиниясы” авиакомпаниясына тиешелүү “Боинг” учагы аскердик операциялар жүрүп жаткан зонага жакын учуп бараткан. Учак байкоосуздан душмандык объект катары атылып түшүрүлгөн.

Ирандын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн мамлекеттик ЖМКлары билдиргендей, трагедияга адамдык фактор себепчи болгон. Бул каргашага жоопкерчилиги барлардын баары өз жазасын алары тууралуу билдирилген.

Боинг учагы Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын аскердик объектилерге жакындап калган. Учуунун бийиктиги жана формасы боюнча душмандын объектисин элестеткен деп айтылат билдирүүдө.

Ирандын Тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына каргаша “АКШнын авантюризминин кесепети учурунда” адамдардын жаңылыштыгынан болгонун жазган.

Зариф авикырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып өттү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM