Биз менен байланышыңыз

Баткенде абал салыштырмалуу туруктуу

Кыска кабар | 11 Янв 2020 | 507 | 0

Баткендин чек арадагы Көк-Таш айылында 11-январга караган түн салыштырмалуу тынч өттү. Бирок бир жолу ок атылган. Мындай маалыматты «Маралга» жергиликтүү кеңештин депутаты Жоробай Осмонов билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү эл түнү бою айылдын ар кайсы участкаларында күзөттө турушкан.

Түн тынч өттү. Бир гана жолу түнкү саат үчтөрдө ок атылды. Кечээкиге салыштырмалуу абал тынч. Айыл тургундары түнү менен күзөттө турушту, — деди Жоробай Осмонов.

Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү чек арадагы айылда тажик-кыргыз элинин ортосунда тирешүү болуп, тажик тургундары куралдан ок атышкан. Окуя 10-январга караган түнү таңкы сааттарга чейин уланган.

Окуяга байланыштуу Тажикстандын расмий өкүлдөрү да чагымчылдыкка барып жатканын Кыргызстандын чек ара кызматы белгилеп, аларды бейтарап болууга чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM