Биз менен байланышыңыз

Кумтөрдө жоголгон кызматкерлерди издөө иштери токтотулду

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 496 | 0

Декабрдын башында Кумтөр кенинде жоголгондорду издөө иштери расмий түрдө токтотулду.  Ага алардын жакындары макулдугун берген. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Буга чейин ,Кумтөр кенинде көчкү басып калды деп болжолдонгон кызматкерлердин унаасы 25-декабрда саат 23:00 чамасында табылган. Ичинде дайынсыз болуп жаткан кызматкерлер бар деп болжолдонуп жаткан. Бирок унаанын ичинде эч ким болгон эмес.

Эске салсак, 1-декабрь күнү жер көчкү жүргөн. Ошол эле күнү таңкы саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Издөө иштеринин жүрүшүндө эки унаа табылган.

Жоголгон кызматкердин бири И.Өмүрбек 1984-жылдын 17-июнунда туулган (35 жашта). Тоо кен иштеринин мастери. Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери иштеп жаткан. Бишкек шаарынын тургуну.

Экинчи кызматкер Ж.Жолдошбек 1972-жылы 14-июлунда туулган (47 жашта). Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери эмгектенип келген. Тоң районунун Темир-Канат айылынын тургуну.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM