Биз менен байланышыңыз

NHL: Колин Уайттын мыкты голу эсепке алынган жок (видео)

Кыска кабар , Спорт | 8 Янв 2020 | 642 | 0

Океандын ары жагындагы Улуттук хоккей лигасында (NHL) ойногон “Оттава” командасынын чабуулчусу Колин Уайт мыкты гол киргизди. Бирок аны калыстар эсепке алган жок.

Окуя кечээ “Оттава Сенаторз” – “Тампа-Бэй” беттешинде катталды. Оюндун акыркы бөлүгүндө эсеп 3-4 болуп турганда талаа ээлери мыкты комбинация уюштурушуп, Уайт катуу сокку жиберген. Дарбазанын үстүнкү темирине тийип асманга көкөлөгөн шайбаны Уайт башы менен сүзүп дарбазага киргизет. Калыстар бул голду атайын баш менен сүзүлгөнү үчүн эсепке алышкан эмес. Эрежеге ылайык хоккейде гол кокусунан баш менен киргизилген учурда эсепке алынат.

Кийинчерээк “Тампа” “Сенаторздун” бош калган дарбазасына дагы бир гол киргизип, 5:3 эсебинде утуп, жеңишке жетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM