Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын хоккей курамасы 2022-Олимп оюндарына чыкпай калды

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 815 | 0

Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Олимпиада оюндарына тандоо турунан өтпөй калды. Курамабыз кечээ тандоо этабындагы үчүнчү беттешинде Израиль курамасына 4:5 эсебинде жеңилип калды. Бул тууралуу аталган спорттук федерациядан билдиришти.

Биринчи бөлүктө 3:1 менен Кыргызстандын хоккейчилери алдыда келатышкан. Акыркы чечүүчү бөлүктө 4:3 эсебинде утуп жатышып, 1 мүнөт 14 секунда калганда эсеп теңелген. Овер-таймда (кошумча бөлүк) израилдиктер шайба киргизип жеңишти илип кетишкен.

2022-жылы өтүүчү Кышкы Олимп оюндарына тандоо турунун экинчи этабында Кыргызстанджын курамасы Исландия, Румыния жана Израиль курамалары менен бир тайпада күч сынашкан. Үчөөндө тең жеңилүү ызасын тартышкан.

Беттештер 12-15-декабрь күндөрү Румыниянын Брашов шаарында өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM