Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун айынан Олимпиада-2020 токтотулушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 712 | 0

Токио шаарында боло турган жайкы Олимпиада- 2020 жана Паралимпиада оюндары коронавирустун айынан артка жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү Ричард Паунд маалымдады.

Анын айтымында, Олимпиадага эки ай калганга чейин коронавирус басаңдабаса, Токио Олимпиадасы жылдырылат. Уюштуруу тобу май айына чейин Олимпиада катышуучуларына жана меймандарга коопсуздук кепилдигин бериши керек.

«Коопсуздук маселелерин көзөмөлгө алуу керек. Олимпиада өтүүчү аймактардагы тамак-аштарды текшерүү зарыл. Эки айга чейин көзөмөл жүргүзөбүз, андан кийин май айында толугу менен чечим кабыл алынат» — дейт Паунд.

Ал пандемия учурунда Олимпиада өтпөй каларын, бирок азырынча андай көрүнүш байкалбагандыктан, спортчуларды машыгууга көңүл бурууга чакырды.

Эске салсак, 2020-жылкы жайкы Олимпиада оюндары 22-июлдан 9-августка чейин Япония мамлекетинде өтөрү белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM