Өлкө казынасында тартыштык болуп турган маалда, март айында кирген коронавирус пандемиясы абалды ого бетер оорлотту. Өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин көпчүлүк өндүрүш мекемелери ишин токтотуп, салык жана бажы тармагынан кирешелер түшпөй калган. Албетте алдын алуу максатында айрым бюджеттик чыгымдар азайтылган. Анткен менен бюджеттеги тартыштык жогорулап, каржылоого чамасы жетпей калган. Мындан улам Кыргыз Өкмөтү сырттан жардам алууга аргасыз болгонун ошол кездеги Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева айткан эле.
Каржы министрлигинин азыркы маалыматы боюнча жыл башынан бери Кыргыз Өкмөтү сырттан 346,8 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат алды. Анын 73,8 миллион доллары гана гранттык негизде алынса, 273 млн доллары насыя түрүндө алынган.
Бул каражат кайсы булактардан алынганын атай кетсек:
Эл аралык валюта фондунан — 242 млн доллар;
Азия өнүктүрүү банкынан — (АӨБ) 52,3 млн доллар;
Европа Биримдигинен — 27,3 млн доллар;
Германия өнүктүрүү банкынан — 15,4 млн доллар;
Дүйнөлүк банктан 9,9 млн доллар алынган.
Аталган сумма төмөнкү тартипте бөлүштүрүлгөн:
245,7 млн доллар же акчанын 71 %ы бюджетти колдоого, тактап айтканда, социалдык милдеттенмелерди аткарууга жумшалган.
Анын ичинен:
89,6 млн доллар — маяна катары;
10,8 млн доллар — социалдык муктаждыктарга болгон төгүмдөр;
66,9 млн доллар — социалдык фондго;
50 млн доллар — теңдештирүүчү трансферт (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маяна);
24,7 млн доллар — социалдык жардам жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пул;
2,8 млн доллар — Материалдык кор фондуна дан сатып алууга;
0,9 млн доллар — окуу китептерин алууга жумшалган.
Ошондой эле 52,3 млн доллары саламаттык сактоо тармагына, медициналык товарларды сатып алууга чыгымдалган.
Калган 48,8 млн доллары экономиканы колдоого багытына сарпталган. Тагыраагы, майда жана чакан ишканалардын ээлерине насыя түрүндө берилген.
Мындан тышкары Өкмөт саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу максатында 56 млн долларга 4 инвестициялык долбоорду ишке ашырып жатканын Каржы министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Акжолов билдирди.
«4 инвестициялык долбоорду ишке ашырып жатабыз. Бүгүнкү күнү 56 млн доллардын 12,2 млн доллары келип түштү. 44 млн доллар келерки жылы каралат. Мында 2 долбоор Дүйнөлүк банкка таандык. Азия өнүктүрүү банкы 1 долбоорго 20 млн доллар карап жатат. Ислам өнүктүрүү банкынан 15 млн доллар алуу ишке ашырылып жатат».
Алынган бул сумманы тармактарга бөлүштүрүү жыл ортосунан бери Жогорку Кеңештин депутаттарынын, экономисттердин жана коомдун да нааразылыгын жаратты. Алардын көпчүлүгү алынган каражатты айлык акы, пенсияларга эмес, кайра киреше бере турган багыттарга жумшаганда туура болмок деген пикирде.
Эл өкүлү Акылбек Жапаров пандемия оор шартта өтөрүн түшүнгөн соң, республикалык бюджетти туура бөлүштүрүү тартибин өзгөртүү зарыл эле дейт. Жыл башында пандемиянын кесепетинен бюджетке 35 млрд сом түшпөй калат деген божомол айтылган. Бирок, министрлик чыгашаны 7 млрд сомго гана кыскартканын Жапаров катачылык деп эсептейт.
«Финансы министрлигине чыгашаны 30 млрд сомго чейин кыскартууну сунуштагам. Бирок, алар 7 млрд гана кыскартып, калган 28 миллиард сомдук керектөөнү алынган насыялар менен жаап койгон. Сарптоо жана кайра кайтаруу жагынан туура эмес кадам болду».
Бул ойго депутат Искендер Гаипкулов да кошулат. Ал мындай катачылыктарга жол берген тараптардын жоопкерчилиги каралышы керектигин, мындан кийин кирешенин көлөмүнө жараша чыгымдоо зарыл деген оюн билдирет.
Депутаттар Өкмөттү жаңырган жылдан баштап, карыздарды алуу жана бюджетти бөлүштүрүү саясатын толугу менен өзгөртүүсү керек деп эсептейт. Карыздарды алууда пайда бере турган тармакка жумшоо, аны кайра төлөө жолун аныктоо менен алуу зарыл. Андан да мурда өлкө ичиндеги каржылык жоготууларды жоюу зарылдыгын айтат. Мисалы, салыктарды үзгүлтүксүз чогултуу, Бажы тармагындагы кирешелерди толук түшүрүү жолу менен бюджетти толуктоого болорун билдирет. Белгилей кетсек, Кыргызстандын учурдагы тышкы карызы 4,8 миллиард долларга жеткен.