Биз менен байланышыңыз

Балаңыз мектепке оңой адаптация болсун десеңиз…

Учурда мектеп окуучулары кышкы каникулдун ырахатын көрүп жаткан учуру. Адатта, алар 12 күнгө созулган кышкы эс алууну максаттуу өткөрүүнү каалашат эмеспи. Ушундан улам, айрымдары лыжа тээп, тоо койнунда эс алса, кээ бир окуучулар үйүндө ата-энесине жардам берет. Адистер окуучулар сабак башталган кезде көнө албай кыйналбашы үчүн мектепке даярдык көрүү зарыл экенин айтышат. Бала окууга көнүп, окуу программасын улантып кетүүсү үчүн ата-энелер жана мугалимдер эмнеге өзгөчө маани бериши керек деген суроонун тегерегинде ой терметип көрдүк.


Окуучулар каникул мезгилинде каалагандай эс алып, комфорттуу зонага көнүп алат. Бирок окуу башталганда мектепке адаптация боло албай, ата-энелерин аз да болсо түйшүккө салышарын мектеп курагындагы 2 баланын апасы Назгүл Шарапова төмөнкүчө белгилейт:

— Ата-энелер үчүн балдарынын каникулдан кийинки адаптациясы түйшүк жаратпай койбойт. Балдар эртең менен уйкусурап, окууга барууну каалашпайт. Көбүнчө үйдө отуруп, мультфильм көрүшөт. Анын үстүнө, азыр кыш мезгили болгондуктан, кар киши жасап, эс алып жатышат. Эс алууда окууга көп маани бербей калышат. Мындайда ата-энелер балдарыбыздын келечегин ойлойбуз да. Аларга жакшы сөздөрдү айтып, мактап, жакшы сөздөрдү айтып, окууга жиберүүгө аракет кылабыз. 

Адатта, эс алуу убагында окуучулар кеч уктап, кеч турушат. Бирок адистер окууга бир нече күн калганда ата-энелер балдардын уйку режимине маани берип, эрте уктатуу керектигин белгилешет. Психолог Алтынай Абдышеванын айтымында, башталгыч класстын окуучулары менен бала бакчага барган балдардын окууга адаптация болуусу башкаларга салыштырмалуу бираз оорураак. Андыктан ата-эне аларга көбүрөөк колдоо көрсөтүп, мектеп тууралуу позитивдүү маалыматтарды эскертип турганы оң.

— Ата-эне колдоо көрсөтүп, «1-2 күндөн кийин мектепке же бала бакчага барасың» деп эске салып турушу керек. Мындан сырткары, бала бакча, мектеп тууралуу жакшы учурларды эскерүү пайдалуу. Муну менен бала бактылуу күндөрүн эстеп, кайра окууга барууга ашыгат. Башкача айтканда, аларды мектепке кайра кызыктыруу зарыл. Буга кошумча, алгачкы күнү мектептеги педагог, бакчадагы тарбиячылар менен тыгыз байланшыта болуп, баланы жакындан таанууга аракет жасоо кажет. Ал эми мугалимдердин окуунун биринчи күнү эле балдарга оор тапшырма берүүсү туура эмес. Анткени бала эс алуу убагында айрым нерселерди унутуп калышы ыктымал. 

Ошол эле учурда окуучунун тамактануу убактысына көңүл бөлүү зарыл. Ата-эне баласынын меткептеги алгачкы күнү кандай өткөнүнө кызыгып, суроо берүү сунушталарын Алтынай Абдышева кошумчалап кетти

— Ата-энесинин кызыгуусун көргөн бала күнүмдүк окуяларды айтып берүүгө жан үрөп, бөлүшүүнү адатка айлантат. Бул окуучуларга чоң жардам берет. Демек, бала күн сайын кичинекей тыянактарды чыгарып баштайт. Бул ой жүгүртүүнү калыптандырууга шарт түзөт. Окуучулар эс алуу убагында үйдүн шартына көнүп алат. Ал эми мектепте тийиштүү эреже жана жоопкерчиликтер бар. Мугалим анын баарын бир сыйра эске салганы дурус. 1-2-класстын окуучуларына ар бир 25 мүнөттө тыныгуу берүү зарыл. 

Эс алуулардан соң, бала жаңы нерсе үйрөнүүгө, билим алууга тез адаптация болушу үчүн мектепте жагымдуу маанай түзүү зарыл. Ал үчүн мугалим окуучу менен өнөктөш катары иштеши керек. Тагыраак айтканда, ар бир окуучуга жеке кайрылып, оюн эске алса, бул балага шык берип, өзүнө болгон ишенимди арттырат. Ошол эле учурда ата-энелер балдарына моралдык колдоо көрсөтүүнү эстен чыгарбашы кажет. Бул тууралуу Монтессори-педагог, психолог Чынара Термечикова төмөнкүдөй маалыматтары менен бөлүштү:

— Балдарды меткепке шыктандыруу үчүн мугалим түрдүү иш-чараларды уюштуруп, чыгармачылык менен иштөөсү зарыл. Бир тараптуу маалымат берүү окуучунун психологиясына терс таасир берет. Башкача айтканда, сабактар интерактивдүү болушу кажет. Мугалим окуучунун ою менен эсептешпей «билим аласыңбы, албайсыңбы кызыктырбайт» дегендей кайдыгер мамиле кылса, бала сабакка кызыгуусун жоготот. Педагог окуучу эмнени каалаганын сезип турса, балдарда билим алууга шык пайда болот. 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM