Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда жаңы жылга караган түнү 1111 ымыркай төрөлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2020 | 1020 | 0

Өзбекстанда жаңы жылга караган түнү жалпы 1111 ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, наристелердин 572си бала, 539у кыз. Алардын арасында 2 үч эм жана 4 эгиз бар.

Белгилеп өтсөк, Өзбекстандын калкынын саны 33 миллион 724 миң 500.

Ал эми Кыргызстанда Жаңы жылга караган түнү республика боюнча 261 ымыркай төрөлдү. Алардын 133ү бала, 128и кыз. Өлкө боюнча жалпы үч эгиз төрөлдү.

Copyright © 2017 Maral FM