Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Тез жардам борборуна 759 кайрылуу түштү

Кыска кабар | 1 Янв 2020 | 663 | 0

Бир сутка ичинде Бишкектин медициналык тез жардам борборуна 759 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, жаңы жылга караган түнү калаадагы медициналык тез жардам борбору телефон аркылуу 600 адамга консультация берди.

Ар кандай диагноз менен 120 адам ооруканага жаткырылды. Тез жардам келгенге чейин 5 адам каза тапкан. Жол кырсыгынан 5 киши көз жумса, бир жаран сабалып, дагы бирөө бычакталып каза тапты.

Белгилей кетсек, майрамга карата медициналык тез жардам борбору күчөтүлгөн режимде иш алып барып, «Ата-Тоо» аянтында 2 бригада нөөмөттө турду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM