Түркмөнстанда жаңы жылга карата элге 5 килограммдан ун жана пахта майы арзан баада (20 манат) таратылды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.
Ага ылайык, өлкөдө майрамдын алкагында айрым азык-түлүктөрдү мамлекеттик баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай жеңилдиктен Түркмөнабат шаарынын жана Лебап облусунун кээ бир райондорунун тургундары пайдалана алышты.
Белгилей кетсек, Түрмөнстанда 1 доллар 3,5 манатка бааланат.