Биз менен байланышыңыз

АКШ Иракка кошумча аскер жиберет

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Янв 2020 | 356 | 0

АКШнын Багдаттагы элчилигине болгон кол салуудан кийин Иракка кошумча 750 аскер жиберүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Пентагон лидери Марк Эспер маалымдады.

2019-жылдын 31-декабрында демонстранттар Иракта АКШнын Багдаттагы элчилигине кол салышкан.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы окуядан америкалык дипломаттар жабыркабаганын билдирди.

Вашингтон бул окуяга Иранды айыптоодо, бирок Тегеран муну четке кагууда.

Эспер Twitter баракчасына: «Аймакка 750 аскер жиберилет. Кошумча күчтөр бир нече күндүн ичинде даяр болот», — деп жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM