Биз менен байланышыңыз

Акматалиев: Шыкмаматовдун партиядан кеткени — чоң коңгуроо

Күн чекит | 27 Дек 2019 | 5668 | 0

«Ата Мекен» партиясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырып, фракция лидерлигинен жана партиянын курамынан да чыкты. Бул окуялар тууралуу саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев менен маек курдук.

Марал: — Алмамбет Шыкмаматовдун «Ата Мекен» партиясынан жана фракция лидерлигинен кеткенине кандай баа бересиз?

Алмазбек Акматалиев: — Бул маселе боюнча эки тарап тең өз позицияларын айтышты. Мен үчүн бул чоң деле окуя эмес. Азыр парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидерлигине Айсулуу Мамашева шайланыптыр. Менин пикиримде, фракция лидери ким болсо да «Ата Мекен» партиясы Жогорку Кеңеште өзүнүн жүргүзүп келген саясатын жүргүзө берет. Себеби анын парламентте башка партияларга салыштырмалуу принципиалдуулугу боюнча күчтүү курамы бар.

Алмамбет Шыкмаматовдун кетиши боюнча айтсам, ага эки себеп болушу мүмкүн. Биринчиден, шайлоонун алдында партиянын ичиндеги макулдашуулар. Экинчиден, Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматовдун жеке мамилесинде пикир келишпестик себеп болушу мүмкүн.

Марал: — Эки саясатчынын мамилеси, кыйышпас достугун эске алганда, сиз ушул жеке пикир келишпестик деп, бирок сыр бойдон калган нерсени кандай боолголоп жатасыз?

Алмазбек Акматалиев: — Эми аны айтуу кыйын. Өздөрүнүн ортосундагы нерсе болсо керек. Бирок бул жагдай өтө деле маанилүү эмес ко деп ойлойм. Себеби баары бир «Ата Мекен» партиясы Текебаевдин ысымы менен байланышып турат. Ал киши түрмөдө отурган учурда да партиянын лидери  болуп келди, мындан ары да боло берет.

Бирок Алмамбет Шыкмаматов фракциянын ичиндеги алдын ала сүйлөшүүлөрдүн негизинде эле депутаттыктан кетип калса бир жөн эле. Анын депутаттыктан да, партиядан да кеткени — партиянын ичиндеги жагдайдан кабар берет. Шыкмаматовдун партиясын таштап кеткени «Ата Мекен» үчүн өтө чоң коңгуроо. Себеби ал Текебаев түрмөдө отурганда партия үчүн көп нерсе жасады. Парламентте Текебаевди жоктотпой фракциясын жакшы башкарды. Текебаевдин бошотулушу үчүн пикеттерге барып жатты. Ошондуктан менин оюмча, Шыкмаматовдун шайлоо алдында кетиши партия үчүн жакшы эмес болду.

Шыкмаматов жөн эле адыраңдап, майда-чүйдө пикир келишпестик үчүн партиядан кетип кала турчу адам эмес. Анын «Саясат Текебаевдин менчиги эмес» деген сөзүнө көңүл бурсак, сөздүн төркүнү ушул кепте жатат.

Марал: — Шыкмаматов «саясаттан кеткен жокмун» деди, ал кимдер менен биригиши мүмкүн?

Алмазбек Акматалиев: — Менин оюмда, Алмамбет Шыкмаматовдой тажрыйбалуу, билимдүү талапкерди көп эле партиялар кабыл алууга даяр болсо керек. Себеби ал өзүнүн позициясы бар, сүйлөгөндү, ынандырганды билген саясатчылардын бири. Шайлоого барганда көрөбүз го, менин жеке баамымда, Шыкмаматов өзүнүн саясий пикирлештери менен барат ко.

Copyright © 2017 Maral FM