Биз менен байланышыңыз

Садык Шер-Нияз: Фракция лидери болууга даярмын

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 1669 | 0

Парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Садык Шер-Нияздын болору айтылууда. Бул маалыматты эл өкүлү өзү да «Маралга» берген маегинде тастыктап өттү.

Садык Шер-Нияздын айтымында, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун партиядан да, фракциядан да кеткени күтүүсүз болгон. «Биз азыр фракция чогулуп жатабыз. Чынында, Шыкмаматовдун эмне себептен партиядан кеткени тууралуу так маалыматты билбейбиз. Бул кишинин фракцияга да, партияга да эмгеги зор болчу. Ал кыйын учурда өзүнүн лидерлигин көрсөтө алды», — деп кошумчалады эл өкүлү.

Ал эми фракциянын лидерлигине Садык Шер-Нияз келет, — деген маалымат боюнча комментарий берип, ал бул милдетти аткарууга даяр экенин билдирди. Мындай чечимди кабыл алганын эл өкүлү парламентте маданият жаатын көтөрүү менен байланыштырды.

-Эми парламенттин мөөнөтү бүтөөрүнө алты ай калды. Бул аралыкта укмуш өзгөрүү жасайм дегенден алысмын. Бирок, парламентте маданият тармагынын маселелерин көтөрөм. Себеби бул тармак чынында көңүл бөлүнбөй калды. Айрым айта албай жүргөн нерселерди айтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойм. 

Кошумчалай кетсек, буга чейин «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Шыкмаматов мандатын тапшырып, партиядан чыкканын жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM