Биз менен байланышыңыз

Президент: Эски репрессивдик мыйзамдардан алыстап жатабыз

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 386 | 0

«Эски репрессивдик мыйзамдардан кетип, жаңы укуктук мейкиндикке өтүп жатабыз«. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маалымат жыйынында айтты.

Президент анча оор эмес мыйзам бузуулар кылмыштардын катарынан чыгарылып, гуманизация жолу менен жорук катары бааланарын белгиледи. Эми жорук жасаган балдар оор кылмышкерлер менен чогуу кармалбайт.

Соттук процесстердин баары ачык-айкын болуп жатканын, ушул күндө 86 сот залы аудио-видео фиксация менен камсыздалганын кошумчалады.

Ушул тапта мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Өлкө башчы алгач жыл ичинде жасалган иштер тууралуу 20 мүнөттөн ашык убакыт отчет берерин айтты. Маалымат жыйынга 188 журналист келген. Анын ичинен 160ы республикалык ММКнын өкүлдөрү жана 28 журналист болсо, 15и чет элдик ММК нын өкүлдөрү.

Маалымат жыйынын КТРК жана «Ала-Тоо 24» каналы түз эфирде көрсөтөт, ошондой эле аталган каналдардын You Tube жана Facebook баракчаларында көрсөтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM