Биз менен байланышыңыз

Чалабаев: Болотбек Шамшиев татыктуу жашады

Күн чекит | 24 Дек 2019 | 1257 | 0

«Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев акыркы сапарга узатылды. Маркум менен коштошуу зыйнатына туугандары, жакындары, мамлекеттик жетекчилер, кесиптештери, замандаштары келишти. Алар Болотбек Шамшиев менен кошо кыргыз киносунун, маданиятынын бир доору кеткенин айтып кейишти.

Ошол эле учурда, Болот Шамшиевдин эмгеги бааланбай, анын көптөгөн сценарийлерине кино тартылбай калганын айткандар да бар.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, режиссёр Эгемберди Чалабаев Болот Шамшиевдин өмүрү, чыгармачылыгы, адамгерчилиги тууралуу «Марал» радиосуна ой бөлүштү. 

Марал: — Кыргызда мурунтан эле адамдын көзү өткөндөн кийин жакшы сөздөрдү айтып калмай адатыбыз бар. Ошол эле мамлекетке өтө чоң салым кошкон көрүнүктүү инсандардын убагында бааланбай калганы дайыма эле айтылып келет. Болотбек Шамшиевди да жетиштүү баалай албадык деген пикирлер айтылып жатат, сиз кандай ойдосуз?

Эгемберди Чалабаев: — Менин билгеним боюнча, Болот Төлөнович татыктуу өмүр сүрдү. Тартам деген киносун тартты, коём деген постановкасын койду, иштейм деген кызматтарында иштеди. Мен Болот Төлөнович менен 1995-жылдан бери тыгыз иштештим, өзүмдү анын шакиртимин деп эсептейм. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүдө мен ага ассистент болгом, ошондон бери Шамшиев менин устатым болуп калган. Мен Болот Шамшиевдин эмгеги бааланбай калды деген пикирлерге кошулбайм.

Мындан эки-үч ай мурун сүйлөштүк эле, ал акыркы учурда Кожомкулдун атасы Каба жөнүндө чоң сценарий жазган экен, ошону тартам деп жүргөн.

Марал: — Негизи, эл тарабынан болсун, мамлекет тарабынан болсун, баалоо деген кандай болушу керек?

Эгемберди Чалабаев: — Эч качан мамлекеттин көзүн карабаш керек. Мен мамлекетке эмне жасадым деп ойлонуп, кызмат кылсаң, аны эл өзү баалап алат. Бүгүн Болотбек Шамшиевдин сөөгүн жерге берүүдө анын мамлекеттин да, элдин да сүймөнчүгү болгонун көрдүк, ага топурак салуу үчүн президентибиз да келди. Менин жеке оюмда, Болотбек Төлөнович татыктуу өмүр сүрдү.

Ал киши гений болгон. Улуттун улуулугун даңазалаган эң чоң аракети  — Көк бөрүнү дүйнөлүк аренага чыгарып койгону болду. Аны ойноонун эрежесин иштеп чыгып, маданияттуу оюндардын катарына кошуп, кыргыз эли бүгүнкү күндө бул оюн менен канчалаган алкышка ээ болуп отурабыз. Бул Шамшиевдин өзүнө тирүүлөй эстелик коюп кеткендиги.

Марал: — Сиз өзүңүздү Болот Шамшиевдин шакиртимин деп айтып калдыңыз, ал киши менен иштешүү кандай эле?

Эгемберди Чалабаев: — Болот Шамшиев менен иштетүү абдан татаал болчу. Мен ага таң калчумун. Анын көрүү эс тутуму дагы абдан күчтүү болчу. Ал тасмаларда башкы каарманды эле карап тим болбостон, ага жардам берип жаткан массовканы, декорацияны, костюмдарды, баарын көзөмөлдөп турчу. Анан бул кишинин ой жүгүртүүсү да башкача эле. Ал күнүмдүк жашоонун деңгээлинде эмес, ал аркандын учугун аябай алыс таштаган, постановкасынын маанисинин тереңдигин көрө билгенине таң калчумун. Өтө жоопкерчиликтүү эле, талапты да катуу коё билчү.

Copyright © 2017 Maral FM