Биз менен байланышыңыз

Казакстандын президенти Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 723 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыздын атактуу кинорежиссеру Болот Шамшиевдин дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Бул тууралуу расмий Акордо сайтында жарыяланды.

Казак президентинин көңүл айтуу телеграммасында «Болот Төлөнович дүйнөлүк искусстводо өчпөс из калтырды. Ошондой эле ал эки элдин кылым карыткан достугун бекемдөөдө да чоң салымын кошуп кетти. Анын казак адабиятынын классикалык чыгармаларын экрандаштыруу иштери эки элдин маданий мурасына айланды. Мен терең ишенүү менен айта алам, Шамшиевдин элеси биздин эсибизден эч качан чыкпайт» деп айтылат.

Кошумчалай кетсек, кыргыздын залкар режиссеру Болот Шамшиев 21-декабрда 78 жаш курагында дүйнө салды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM