Биз менен байланышыңыз

«Выстрел» жана «Шериф+» журналисттерге өзүн коргоону үйрөттү

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 380 | 0

Журналисттер ар кандай окуяларды чагылдырууда түрдүү коркунучтарга туш болушат. Ошол себептүү “Марал” радиосунун кызматкерлери өз коопсуздугуна кам көрүү үчүн ССК “Выстрел” клубунда чакан машыгуу өткөрдү. ОДА “Шериф-Плюс” ЖЧКсынын кызматкерлери жамаатка опурталдуу учурларда кантип коргонуу керек экендиги боюнча мастер-класс өтүштү.
Бул иш-чара үчүн “Марал” радиосу ССК “Выстрел” клубунун жетекчиси Сыргак Кадыралиевге жана ОДА “Шериф-Плюстун” жетекчиси Максатбек Турманбетовго ыраазычылыгын билдирет.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM