Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Таттыбүбү тартылган Төлөмүш Океевдин «Отко таазим» тасмасы көрсөтүлөт

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 615 | 0

Бүгүн Кино үйүндө Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдыгына карата «Отко таазим» тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. Тасма бүгүн саат 14:00дө көрсөтүлөт. Тасманы режиссер Төлөмүш Океев тарткан, анда Таттыбүбү Турсунбаева башкы ролдо ойнойт.

Мындан сырткары, актрисанын 75 жылдыгына карата Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинде актрисанын чыгармачылыгы байланыштуу  конференция өтөт. Ошондой эле, эртең Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган салтанаттуу иш-чара Кыргыз улуттук филармониясында болуп өтөт.

Белгилей кетсек, Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июнда жарык дүйнөгө келип, 1981-жылы 21-декабрда көз жумган. Ал «Кызыл алма», «Отко таазим», «Саманчынын жолу» ж.б. тасмаларда роль жараткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM